Депутат аталган мекеменин директоруна чоң шаарларга эле басым жасай бербей, айылдарга көңүл бурууну сунуштады
Депутат Санталат Аманова Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында кыргыздын классикалык чыгармаларын ЖИге ырдатуу боюнча маселе көтөрдү.
Ал классикалык чыгармалар патент аркылуу тастыкталып, автордук укук корголгонун эске салды.
“ЖИ колдонууга кеңири киргенден тартып кыргыздын классикалык чыгармаларын ал аркылуу ырдатуу башталды. Бул мыйзамга каршы келет, анткени патенттелген чыгармалардын автордук укугу корголгон. Бул эмне болот?” – деди депутат.
“КР жогорку технологиялар паркы дирекциясы” мекемесинин директору Азис Абакиров ЖИнин ар кайсы тармактарда кеңири колдонула баштаганы бир гана ошол тармактар үчүн эмес, IT жаатына дагы чоң сыноо болуп жатканын айтты.
“Бул бир жагынан сыноо, бир жагынан чоң мүмкүнчүлүктөр. Кыргыз программисттери ЖИни колдонуу менен өлкөнүн туризмин өнүктүрүү, өзүнүн бренддин түзүү, ойлоп табуучулукка жетүү максаттарына багыт алышты. Биз ал аркылуу дүйнөгө чыгалы деп турабыз. Азыркы учур бизге – ачык терезе. ЖИде кыргыз тили да кирген, мисалы, анда жапон, араб, түрк тили азырынча жок, бирок кыргыз тили бар”, – деди ал.
Депутат Маданият министрлиги патент, автордук укуктарды коргоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүлөрдү карашы керектигин билдирди.
“ЖИни мультфильмдерди тартууга жана башка иштерге колдонсо болот. А бирок классикалык чыгармаларды аткартууга болбойт. Бул боюнча тиешелүү мыйзам иштелип чыгышы керек”, – деди Аманова.
