Бишкекте өзгөчө балдар үчүн жаңы жылдык майрам уюштурулду
Бишкек шаарындагы М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында 19-декабрда Жаңы жылдык көрсөтүүлөрдүн сезону расмий түрдө ачылды.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, театрдагы алгачкы көрүүчүлөр Свердлов районундагы №30 атайын мектептин өзгөчө балдары болушту.
Балдар балатынын жанында Аяз ата жана Аяз кыз катышкан шоу-программага активдүү катышып, жомоктогу сүйүктүү каармандар менен бирге интерактивдүү оюндарга аралашышты. Алар үчүн ар кандай көңүл ачуучу сынактар уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланды.
Мындан тышкары, театрдын сахнасында «Жаңы жыл алдындагы Актан менен Акылайдын жоруктары» аттуу спектакль көрсөтүлдү.
Иш-чара балдарга унутулгус майрамдык маанай тартуулап, Жаңы жылдык кереметке ишенимин арттырды.
