Ала-Тоо аянтында элдик күүлөр жана шаңдуу ырлар жаңырат
26 июнь

Ала-Тоо аянтында элдик күүлөр жана шаңдуу ырлар жаңырат

Шаар тургундарын жана конокторун жайкы кечтерди ачык асман алдында жандуу музыка, улуттук маданият жана чыгармачылык дем менен коштолгон жагымдуу маанайда өткөрүүгө чакырабыз.

Бишкек шаарында Ала-Тоо аянтында музыкалык кечелер уланууда. Ар жума жана ишемби күндөрү бул жерде мыкты чыгармачыл жамааттарынын катышуусунда музыкалык кечелер уюштурулуп, шаардыктарга борбор калаанын ортосунда өнөр дүйнөсүнөн ырахат алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

26-июнда саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында «Семетей» ыр жана бий ансамбли менен «Акак» комузчулар ансамблдери өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Кеченин программасында – элдик күүлөр, комузда кол ойноткон виртуоздук аткаруулар, вокалдык номерлер жана кыргыз маданиятынын байлыгын чагылдырган улуттук бийлер орун алат.

27-июнда саат 19:00дө музыкалык эстафетаны «Доор» жана «Кыргыз Руху» фольклордук ансамблдери улантышат. Көрүүчүлөр үчүн кыргыз элинин руханий мурасын чагылдырган салттуу чыгармалар, ошондой эле элдик чыгармачылыктын заманбап багыттагы аткаруулары тартууланат.

Жай бою Ала-Тоо аянты ачык асман алдындагы музыкалык кечелердин борборуна айланат. Бул жерде ар бир каалоочу элдик музыканын жандуу аткарылышынан, бий номерлеринен жана белгилүү жамааттардын чыгармачылыгынан эргүү ала алышат.