Бишкекте 30-декабрда «Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгы тапшырылат
22 декабрь

Бишкекте 30-декабрда «Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгы тапшырылат

Бишкекте 30-декабрда «Ак илбирс 2025» улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Иш-чара А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

«Ак илбирс» – Кыргыз Республикасынын кино тармагындагы эң маанилүү профессионалдык сыйлыктарынын бири. Аталган премия жыл сайын улуттук кинематографиядагы мыкты жетишкендиктерди белгилөө максатында тапшырылып келет.

Салтанаттуу аземге өлкөнүн алдыңкы режиссёрлору, актёрлору, сценаристтери, операторлору жана кино тармагындагы техникалык адистер катышат.

Быйыл жеңүүчүлөр 12 номинация боюнча аныкталат. Алардын катарына көркөм, документалдык жана кыска метраждуу тасмалар кирет. «Ак Илбирс 2025» сыйлыгы кыргыз кино өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон чыгармачыл инсандарды даңазалоону көздөйт.