Ырчы Алтынай Асанбекованын сүйүктүүсү колун сурады
23 апрель

Ырчы Алтынай Асанбекованын сүйүктүүсү колун сурады

Белгилүү эстрада ырчысы Алтынай Асанбекова турмуш жолунда маанилүү кадам жасоодо. Ырчынын сүйүктүүсү ага үйлөнүү сунушун киргизип, бул өзгөчө учур социалдык тармактарда видео аркылуу жарыяланды.

Тасмада жигит ырчыга күтүлбөгөн сюрприз жасап, ачык асман алдында гүл көтөрүп, шакек берип колун сураганын көрүүгө болот. Өзүнүн баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө Алтынай Асанбекова бул кубанычтуу учурга байланыштуу: «Баарыңыздарга чоң рахмат» – деп ыраазычылыгын билдирген.

Эскерте кетсек, буга чейин ырчы чыгармачылык кечелеринин биринде сүйүктүүсүн коомчулукка тааныштырган болчу.