Бишкек — Балыкчы каттамындагы поездде мода көрсөтүлдү
Маданият министрлиги
2 июнь

Бишкек — Балыкчы каттамындагы поездде мода көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен «Nomad Express: Музыка, маданият, мода жана салттар аркылуу саякат» аттуу маданий долбоор өтүүдө.

Долбоор Бишкек — Балыкчы — Бишкек багыты боюнча уюштурулуп, маданият, искусство, мода индустриясы жана медиа өкүлдөрүн бириктирүүдө. Анын максаты — улуттук маданиятты жайылтуу, чыгармачыл кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстандын маданий-туристтик мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу.

«Nomad Express» поезди көчмө маданий аянтчага айланып, катышуучулар үчүн концерттик программа, улуттук өнөр көрсөтүүлөрү жана кыргыз дизайнерлеринин эмгектери тартууланууда.

Долбоордун алкагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык боюнча презентациялар уюштурулуп, катышуучулар Балыкчы шаарынын жаңыланган инфраструктурасы менен да таанышууда.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп, Бишкек — Балыкчы — Бишкек багыты боюнча маданий сапарды өткөрүү үчүн темир жол курамын бөлүп берип, иш-чаранын катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоодо.

Долбоор маданий алмашууну чыңдоого, чыгармачыл байланыштарды өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын бай маданий мурасын кеңири жайылтууга багытталган.