Баткен облустук музыкалык драма театрына Кутман Шаршентегин көркөм жетекчи болду
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 18, 20, 24-беренелерине таянып, 2025-жылдын 14-ноябрынан тартып Кутман Шаршен уулу А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси кызмат ордуна 3 айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишими боюнча дайындалды.
Көркөм жетекчини эмгек жамаатка Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбек тааныштырды.
Кутман Шаршентегин – режиссёр, актёр, педагог. Ал 1989-жылы 4-ноябрда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келип, Токтогул районундагы Сары-Сөгөт айылында чоңойгон.
Билими:
- 1997–2008 – Ы. Алымбеков атындагы №21-орто мектеп.
- 2009–2013 – Т.А. Абдумомунов атындагы Театр окуу жайы, «Театр жана кино актёру» (устаты — КР эл артисти З. Сооронбаев).
- 2013–2017 – Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ, «Драмалык театр режиссёру, педагог» (устаты — КР эмгек сиңирген артисти Н. Мендебаиров).
- 2022 – ГИТИС (Москва) жана Маданият министрлигинин биргелешкен квалификация жогорулатуу курсу.
- 2023 – Республикалык квалификация жогорулатуу институтунун сертификаты.
Эмгек жолу:
Кутман Шаршентегиндин чыгармачыл жана окутуучулук тажрыйбасы 15 жылдан ашат. Ал өлкөнүн бир катар театрларында, радиодо, студияларда, ошондой эле жогорку окуу жайларда эмгектенип, режиссура жана актёрдук чеберчилик боюнча бай практикалык тажрыйба топтогон.
- 2011–2013 – гастролдук театр иштерин уюштуруу, студенттик спектаклдер.
- 2013–2015 – А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын актёру.
- 2014–2019 — КТРК Балдар FM радиосунда үн коштоо, алып баруучу.
- 2015–2019 – КТРК «Котормо» студиясында үн коштоочу.
- 2017 – М. Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрынын актёру.
- 2016–2019 – Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрынын актёру.
- 2017–2019 – ЭлТР каналынын «Бөбөк сенин жомогуң» телеберүүсүнүн актёру.
- 2019–2025 – Ош мамлекеттик университетинин Киноакадемиясында окутуучу, актердук чеберчилик жана режиссура сабактарынын мугалими.
- 2019–2023 – С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын актёру.
- 2023–2025 – Ош улуттук драма театрынын режиссёр коюучусу.
- 2020–2025 – Оратордук жана сахна кеби боюнча «Овация» билим борборунун тренери.
- 2024–2025 – One_Models студиясында актёрдук чеберчилик боюнча тренер.
- 2020–2023 жана 2025-жылдан азыркыга чейин – ОшМУ Киноакадемиясынын жетекчиси.
