Токмок шаарында “Космос” кинотеатры ачылды
Токмок шаарында 2025-жылдын 30-декабрында "Космос” кинотеатрынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, “Космос” кинотеатры Кинематография департаменти тарабынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу менен түзүлгөн келишимдин негизинде ижарага берилген.
Ижарачы Акбар Бараковдун демилгеси менен кинотеатрда капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, имарат толугу менен заманбап талаптарга ылайык жаңыланды.
Кинотеатр 7 кинозалдан туруп, жалпы 400 орундуу көрүүчү залдары менен жабдылган. Мындан тышкары, көрүүчүлөр үчүн кенен жана ыңгайлуу фойе уюштурулуп, акыркы үлгүдөгү заманбап техникалык жабдуулар орнотулган.
Жаңыдан ачылган кинотеатр шаар тургундары үчүн маданий эс алуу жайы болуп, улуттук жана дүйнөлүк кинолорду жогорку сапатта көрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
