Чүй камер оркестри Ташкенттеги «Алтын күз» фестивалында ийгилик жаратты
17 ноябрь

Чүй камер оркестри Ташкенттеги «Алтын күз» фестивалында ийгилик жаратты

Ташкентте 3–10-ноябрь күндөрү өткөн II «Алтын күз» Эл аралык музыкалык фестивалында Кыргызстанды Чүй камер оркестри татыктуу деңгээлде таанытты.

Оркестр Өзбекстан мамлекеттик консерваториясынын Чоң залында жана Р. М. Глиэр атындагы музыкалык мектептин концерттик залында концерттик программасын тартуулап, көрөрмандардан жылуу кабыл алуу жана жогору баа алды.

Программага дүйнөлүк классика менен катар кыргыз композиторлору Муратбек Бегалиев, Калый Молдобасанов, Сейдалы Медетов, Баласагын Мусаев жана Токтогул Сатылгановдун чыгармалары кирди.

Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисттери Аяна Бекенова жана Элгиз Бейшенбаев да оркестр менен биргеликте сахнага чыгышты. Айрыкча Керим Тураповдун «Туулган жерди сагынуу» чыгармасы көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Фестиваль алкагында оркестр мастер-класстарды өткөрүп, Өзбекстан мамлекеттик филармониясынын жетекчилиги менен эки өлкөнүн ортосундагы келечектеги биргелешкен музыкалык долбоорлорду талкуулады.

Гала-концерт «Туркистон» искусство сарайында өтүп, фестиваль чыгармачылык кызматташтыкты бекемдеген маанилүү маданий аянтча катары жыйынтыкталды.