Манас шаарында “Ынтымак” аттуу айтуучулук иш-чара өтөт
Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрында “Ынтымак” аттуу айтуучулук иш-чара уюштурулат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара 12-декабрда саат 14:00дө башталат.
Иш-чарада Барпы таануу багытында эмгектенип келе жаткан акын Кудайберди Арапбаев (Бала Барпы) Барпы Алыкуловдун чыгармаларын өз алдынча бир нече саат бою аткарып берет.
Маданий иш-чара президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” концепциясынын алкагында, акын Барпы Алыкуловдун мурасын кеңири жайылтуу жана Улуттук адабият күнүн белгилөө максатында өтөт.
Иш-чарага катышуу акысыз.
