Кыргызстан менен Түркия кинематография жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады
КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин Кинематография иштери боюнча Департаментинин башкы директору Бирол Гювенге сый-урмат визити менен барды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, визит Анкара шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин жалган маалыматтарга каршы күрөшүү форумунун алкагында болгон.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кинематография жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, биргелешкен кинодолбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, ошондой эле аудиовизуалдык контент аркылуу түрк элдеринин маданий жана тарыхый мурастарын илгерилетүү маселелерин талкуулашты.
Позитивдүү маалыматтык мейкиндикти калыптандырууда, гуманитардык байланыштарды чыңдоодо жана азыркы шарттарда туура эмес маалымат чакырыктарына каршы турууда киноиндустриянын ролуна өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондо эле, Кыргыз Республикасында мындан ары да Түркия Республикасынын кино күндөрүн, Түркия Республикасында Кыргыз Республикасынын кино күндөрүн өткөрүүнү улантуу макулдашылды.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын профилдик ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттешүүнү мындан ары тереңдетүүгө жана практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
