Бишкекте “Жылкы” темасына арналган кытай элинин заманбап живопись искусствосунун көргөзмөсү уюштурулат
14 январь

Бишкекте “Жылкы” темасына арналган кытай элинин заманбап живопись искусствосунун көргөзмөсү уюштурулат

Бишкекте Улуттук тарых музейинде эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган иш-чара болуп өттү, деп билдирет КР Маданият министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, музейдин жетекчиси Жылдыз Бакашова Бишкек шаарындагы Кытай маданий борборунун директору Гао Чэнь жетектеген расмий делегацияны кабыл алып, эки тараптуу маданий долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча иштиктүү сүйлөшүү жүргүздү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий байланыштарды тереңдетүү, музей ишмердүүлүгүндө заманбап эл аралык тажрыйбаларды колдонуу жана көргөзмө ишин жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча пикир алышты.

Айрыкча музей мейкиндигин жандандырууга, коомчулуктун кызыгуусун арттырууга багытталган биргелешкен долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2026-жыл чыгыш календары боюнча жылкы жылы болгондуктан, Кытайдын маданият жана туризм борборунун колдоосу менен, ошондой эле Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык ассоциациясынын катышуусунда Улуттук тарых музейинде “Жылкы” темасына арналган кытай элинин заманбап живопись искусствосунун көргөзмөсүн уюштуруу мерчемделди.

Көргөзмөгө Кытайдын белгилүү сүрөтчүлөрү тарабынан жаралган 50дөн ашуун чыгарма коюлуп, алар аркылуу жылкы образын философиялык, тарыхый жана көркөм көз карашта чагылдыруу максат кылынууда. Иш-чара бир айга созулаары макулдашылды.