«Кыргызфильм» фильмдерин уруксатсыз пайдаланууга тыюу салынат
14 январь

«Кыргызфильм» фильмдерин уруксатсыз пайдаланууга тыюу салынат

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы өзүнө таандык фильмдерди укук ээси менен тиешелүү келишимсиз пайдаланууга жана таратууга жол берилбестигин эскертти.

Киностудия билдиргендей, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мурда жаратылган аудиовизуалдык чыгармалардын укук ээси аларды өндүргөн мекеме болуп эсептелет. Ошого байланыштуу фильмдерди кайра өндүрүү, көрсөтүү, эфирге берүү, интернетте, социалдык тармактарда, стриминг жана башка платформаларда жайылтуу укугу укук ээсине гана таандык.

«Кыргызфильм» медиарыноктун бардык катышуучуларын автордук укук талаптарын сактоого чакырып, мыйзам чегинде кызматташууга даяр экенин билдирди. Уруксатсыз пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келери эскертилди.