Кыргыздын "Максым жасоо ыкмасы жана салттык билими" ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилди
Кыргыздын "Максым жасоо ыкмасы жана салттык билими" ЮНЕСКОнун адамзаттын бейзаттык маданий мурастарынын өкүлдүү тизмесине киргизилди.
Бул чечим 2025-жылдын 10-декабрында Индиянын Нью-Дели шаарында Бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 20-сессиясында бир добуштан кабыл алынды. Аталган комитеттин отуруму 2025-жылдын 8 декабрынды башталып, 13-декабрда аяктайт.
Максымдын сунуштамасын даярдоо боюнча иш төрт жылга созулуп, сунуштама 2023-жылы ЮНЕСКОнун катчылыгына берилип, көз карандысыз эл аралык серепчилер тарабынан баа алган. Сунуштаманы Адамзаттын бейзаттык маданий мурастарынын өкүлдүк тизмесине киргизүү боюнча акыркы чечимди ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастарын коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитети кабыл алган.
Быйылкы Комитеттин жыйынында Адамзаттын бейзаттык маданий мурастарынын өкүлдүк тизмесине киргизүү үчүн жалпысынан 68 сунуштама каралууда, анын ичинде "Жапондордун колго жасалган кагазы" (Жапония), "Дивали майрамы" (Индия), "Кошари улуттук тамагы" (Египет), "Йоделинг - салттуу альп ырдоосу" (Швейцария) жана башкалар бар.
Ошондой эле, Каракалпактардын боз үйү жасоо ыкмалары, 2014-жылы Казакстан жана Кыргызстан тарабынан сунушталган "Боз үй жасоо боюнча салттуу билимдер жана көндүмдөр" сунуштамасына Өзбекстан тарабынан кошулду.
ЮНЕСКОнун эл аралык тизмесине өтүнмөлөрдү киргизүү бейзаттык маданий мурастар жөнүндө эл аралык деңгээлде маалымдуулукту жогорулатууга багытталган. Бейзаттык маданий мурасты коргоо конвенциясынын алкагында жалпысынан 3 тизме бар, алар: 1) өкүлдүк тизме, 2) ыкчам коргоого муктаж болгон мурастын тизмеси жана 3) мыкты тажрыйбалар тизмеси
Азыркы учурга чейин, ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий тизмелеринде 153 мамлекеттин атынан кирген 812 элемент бар.
Кыргызстан буга чейин ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастар тизмелерине кыргыз элинин маданий мурасынын 16 элементин киргизген, анын ичинде "Манас, Семетей, Сейтек" үчилтиги, Ала кийиз жана Шырдак, Көчмөндөр оюндары, Көк бөрү жана башкалар бар.
