Байге фонду 3 млн сом. Бишкекте кыргыз-казак акындарынын айтышы өтөт
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры, Бексултан Жакиевдин 90 жылдык мааракесине карата кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты.
Айтыш үч баскычта уюштурулат: тандоо, республикалык жана эл аралык турлар.
Тандоо туру 2-майда саат 10:00дө Кыргыз улуттук Манас театрында өтүп, өлкөнүн бардык аймактарынан келген акындар катышат. Калыстардын чечими менен эң жогорку упай алган 12 акын республикалык турга жолдомо алышат.
Республикалык тур 11-майда саат 17:00дө ошол эле театрда өтөт. Бул этапта мыкты деп табылган 5 акын финалдык — эл аралык турга чыгат.
Эл аралык айтыш 16-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өтөт. Финалда 5 кыргыз жана 5 казак акыны таймашып, көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги сөз өнөрүн тартуулашат. Ошондой эле иш-чаранын алкагында комузчулардын күү айтышы жана дастанчылардын чыгармалары сунушталат.
Айтыштын жалпы байге фонду 3 млн сомду түзөт.
