видеодон алынган кадр
10 август
Оштогу тергөө абагынын имараты музейге айланат
Ош шаарындагы тергөө абагынын имараты музейге айланат. Бул тууралуу шаар башчысы Жанарбек Акаев билдирди.
Ал тергөө абагы жайгашкан имарат шаар сыртына (Отуз-Адыр айылына) чыгарыларын айтып, эски орду музей катары кызмат кылаарын билдирди.
Белгилей кетсек, шаардагы бул тарыхый имаратты Алымбек Датка менен Курманжан Датканын уулу Камчыбек 1890-жылдары кербен сарай катары курдурган.
