Бишкекте “Жүрөктөн жүрөккө” кайрымдуулук жарманкеси өтөт
27 май

Бишкекте “Жүрөктөн жүрөккө” кайрымдуулук жарманкеси өтөт

Бишкекте 28-майда Курманжан Датканын эстелигинин жанында Энелер күнүнө карата “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу кайрымдуулук жарманкеси өтөт.  Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Иш-чара активдүү узак жашоону жайылтуу, карылыктын алдын алуу, ошондой эле балдарды тарбиялоодо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөдө энелердин жана чоң энелердин маанилүү ролун таанууга багытталган.

Жарманкенин алкагында Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан келген 40ка жакын кары-картаңдарга өз алдынча жардам көрсөтүү топтору кийизден, жүндөн, сувенирдик улуттук продукциялардан жана башка көптөгөн буюмдарды тартуулашат.

Иш-чаранын программасы чыгармачыл топтордун катышуусундагы концерттен, утуш лотереясынан, ден соолукту чыңдоочу гимнастикадан, медицина тармагы боюнча маалыматтык-билим берүү материалдарынын көргөзмөсүнөн, биринчи жардам көрсөтүү боюнча мастер-класстардан, жамаачы техникалары, көркөм сүрөт тартуу, скандинавиялык сейилдөө, ошондой эле салттуу шахмат турниринен турат.

Мындан тышкары, жарманкеде туура тамактануу боюнча викторина өтөт, анда коноктор ден соолукту сактоонун жана чыңдоонун маанилүү элементи жана активдүү узак жашоого жетүүнүн зарыл шарты катары туура тамактануу жөнүндө маалымат ала алышат.

Иш-чаранын катышуучулары жана коноктору Эндопинологиялык борбордун адистеринен ден соолук боюнча консультацияларды ала алышат.

Жарманкенин ар бир коногу уникалдуу буюм-тайымдарды гана сатып албастан, пайдалуу билимге ээ болуп, ден соолугун текшерип, жакшы маанай менен дем алат.

Иш-чаранын уюштуруучулары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “AgeNet International” Эл аралык геронтологиялык тармагы (Карылар үчүн ресурстук борбор, Кыргызстандын АДРАсы, Кыргызстандын Кызыл Жарым айы, Бабушка Эдопшн, Диабетикалык эндокринологиялык Борбор, “Социум” КФ, “Шахмат сүйүүчүлөрүнүн ардагерлер союзу” КФ, КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору) менен биргеликте иш алып барууда.