Бишкекте ШКУнун Жаштар санарип форуму өтөт
28 апрель

Бишкекте ШКУнун Жаштар санарип форуму өтөт

Бишкек шаарында 2026-жылдын 4–5-июнь күндөрү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Жаштар санарип форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул масштабдуу форумду өткөрүү демилгесин КР президенти көтөргөн. Мамлекет башчысы 2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында санариптештирүүнү ШКУнун алкагындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгилеген.

Форумдун максаты – ШКУга мүчө мамлекеттердин жаш лидерлерин, IT эксперттерин жана инноваторлорун бир аянтчага бириктирүү, тажрыйба алмашуу жана аймактык деңгээлдеги биргелешкен санариптик долбоорлорду ишке ашыруу.

Форумдун программасы төмөнкү негизги багыттарга бөлүнгөн:

  • Жасалма интеллект (AI): AI технологиялары жана санариптик экономика боюнча эл аралык деңгээлдеги эксперттер менен талкуулар, панелдик сессиялар;
  • Инновациялык жарманке: Жаш стартапчылардын жана ойлоп табуучулардын эң мыкты IT долбоорлорунун көргөзмөсү;
  • Маданий пикир алмашуу: ШКУ өлкөлөрүнүн достугун жана кызматташтыгын бекемдөөчү атайын программалар.