Бишкекте Азербайжан мамлекеттик бий ансамблинин концерти болуп өттү
23 апрель

Бишкекте Азербайжан мамлекеттик бий ансамблинин концерти болуп өттү

Бишкекте А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 22-апрелде Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн алкагында Азербайжан мамлекеттик бий ансамблинин “Менин Азербайжаным” аттуу концерти болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 

Маданий иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Азербайжандын маданият министри Адиль Габиль оглы Каримли, маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, маданият жана искусство тармагынын кызматкерлери жана бий өнөрүнүн күйөрмандары катышты.

Концерттин жүрүшүндө Азербайжан мамлекеттик бий ансамбли өзүнүн репертуарындагы улуттук бийлери, түстүү костюмдары жана артисттик чеберчилиги менен көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды.

Азербайжан мамлекеттик бий ансамбли 1970-жылы Азербайжандын эл артисти, балетмейстер Алибаба Абдуллаев тарабынан негизделген. Учурда ансамблдин курамында 80 бийчи бийлейт. Кыргызстанда өтүп жаткан Маданият күндөрүнө 40 бийчи өнөр тартуулоо үчүн келген. Ансамблдин көркөм жетекчиси Азербайжан Республикасынын эл артисти Руфат Халилзаде.