Бишкекте Адель Исмаилханованын 100дөн ашык чыгармасы сунушталган көргөзмө ачылат
Маданият министрлиги
6 июль

Бишкекте Адель Исмаилханованын 100дөн ашык чыгармасы сунушталган көргөзмө ачылат

Ушул жылдын 10-июлунда Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде сүрөтчү Адель Исмаилханованын «Галактика аралык закымдар кудугу» аттуу ретроспективдүү жеке көргөзмөсүнүн расмий ачылышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Экспозиция коллаж жана анимация медиумдары аркылуу искусствонун мүмкүнчүлүктөрүн кеңири ачып көрсөтүүгө багытталган. Көргөзмөдө коллаж өз алдынча көркөм каражат катары пластикалык жана маанилик потенциалы аркылуу изилденет.

Көрүүчүлөргө түрдүү техникада даярдалган 100дөн ашык чыгарма сунушталат. Алардын катарына санариптик искусство (digital-art), салттуу аналогдук коллаждар (кагаз жана текстиль материалдарынан жасалган), видео-арт чыгармалары жана кайра катмарлоо анимациясы техникасында жаралган тасмалар кирет.

Экспозиция сүрөтчүнүн чыгармачылык жолунун бир нече мезгилин камтып, аялдардын эмгегине жана аялдардын тарыхына арналган серияларды, ошондой эле концептуалдык кагаз жана текстиль пейзаждарын бириктирет.

Адель Исмаилханованын чыгармачылык практикасынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – экологиялык жоопкерчиликке негизделген көз карашы. Сүрөтчү өз эмгектеринде экинчилик материалдарды колдонуп, этикалык өндүрүш жана кайра иштетип колдонуу (апсайклинг) принциптерин карманат.

Көргөзмө искусствого кызыккан бардык көрүүчүлөрдү заманбап искусствонун жаңы көз караштары жана чыгармачылык интерпретациялар дүйнөсүнө чакырат.

Көргөзмө 25-июлга чейин көрүүчүлөр үчүн ачык болот.