“Манас” театрында манасчылардын ортосунда чыр чыкты. Кырдаалды изилдөө үчүн комиссия түзүлдү
Социалдык тармактарда күн мурун, 9-декабрда Кыргыз улуттук “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланды.
Аталган жагдайды жеринде тактап, объективдүү баа берүү максатында КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги атайын комиссия түздү.
Ведомстводон кабарлашкандай, иликтөө толук бүткөн соң, министрлик коомчулукту жыйынтыктары боюнча кабардар кылат.
