Музыкалык билимге жаңы дем: Күрөңкеев атындагы окуу жайдын жаңы имаратынын курулушу башталды
Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү №162 дарегинде жайгашкан М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын эски имаратынын ордуна жаңы заманбап окуу жайды куруу иштери расмий түрдө башталды.
Окуу жайдын мурдагы имаратынын техникалык абалы канааттандырарлык болбой, конструкциялык элементтеринде олуттуу бузулуулар аныкталган. Ошондой эле санитардык-гигиеналык ченемдердин жана инженердик коммуникациялардын талаптарга жооп бербегендиги имаратты мындан ары пайдаланууга тоскоолдук жаратып келген.
Курулуп жаткан жаңы имараттын жалпы аянты окуу корпусту жана жатакананы кошкондо болжол менен 13 600 чарчы метрди түзөт. Имарат жер төлөөсү менен кошо сегиз кабаттан турат жана заманбап талаптарга ылайык бардык керектелүүчү жабдуулар менен толукталат.
Белгилеп кетсек, окуу жайдын жаңы имаратын куруу ишинин башталышы үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына 750 000 000 (жети жүз элүү миллион) сом каражат бөлүнгөн.
Жаңы окуу корпусу 2026-жылдын 31-декабрында пайдаланууга берилиши пландалууда. Имаратта ашкана, жатакана, 300 орундуу чоң концерттик зал, 5 кичи концерттик зал, конференц-зал, спорт комплекси жана жер төлөдөгү унаа токтотуучу жай каралган.
