Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын директору дүйнө салды
Кыргыз Республикасынын маданият тармагы чоң жоготууга учурады.
Республикага белгилүү маданият ишмери, обончу, Сузак районунун ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын директору Муктарбек Сатарович Кырбашев оорунун узакка созулган түрүнөн кийин мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле филармониянын эмгек жамааты Муктарбек Сатаровичтин үй-бүлөсүнө, балдарына жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Муктарбек Сатарович Кырбашев 1963-жылдын 30-ноябрында Сузак районунун Октябрь айылында туулган.
1986-жылы Б. Алыкулов атындагы Жалал-Абад маданият техникумун «эл аспаптар жетекчиси» адистиги боюнча, ал эми 1996-жылы Б. Бейшеналиев атындагы Искусство институтун «маданий эс алуу иштерин уюштуруучу» адистиги боюнча бүтүргөн.
1982–1984-жылдары Советтик Армиянын катарында Монголияда кызмат өтөгөн.
Эмгек жолун 1986-жылы Октябрь айылындагы маданият үйүнүн директору болуп баштап, ошол эле учурда С. Макаренко атындагы орто мектепте көркөм жетекчи жана музыкант катары иштеген.
1986-жылдан тартып «Достук» эстрада тобунда иш алып барып, көптөгөн жаш таланттарды сахнага даярдап, республикалык деңгээлге чыгарган.
2009-жылы Октябрь маданият үйүндө «Аялзат» фольклордук тобун, 2011-жылы Сузак райондук маданият үйүнүн алдында «Аруулан» вокалдык тобун уюштурган.
Анын жетекчилиги астында түзүлгөн музыкалык топтор Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Румыния жана Венгрия сыяктуу мамлекеттерде өткөн эл аралык иш-чараларга катышып, Кыргызстандын маданиятын кеңири таанытып келишкен.
2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын атынан «Аялзат» тобу жалгыз музыкалык жамаат катары катышкан.
2016-жылы Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган иш-чарада «Ала-Тоо» аянтында «Аялзат» тобу ийгиликтүү концерттик программа менен чыкса, ошол эле жылы өткөн Түштүк аймактык этно-фестивалда 1-орунду камсыздаган.
2020-жылдан баштап Багыш айыл өкмөтүндөгү «Достук» эстрада тобун жандандырып, 2007-жылы түзүлгөн «Аялзат» этно-фольклордук тобун эл аралык деңгээлге чыгаруу багытында активдүү иш алып барган.
2021-жылы Октябрь айылындагы Мичурин орто мектебинде вокал-эстрада ийримин жетектеп, «Сонун» кыздар вокалдык тобун уюштуруп, областтык деңгээлде тааныткан.
2022-жылы «Аялзат» этно-фольклордук тобу Ысык-Көлдө өткөн «Дүйнө эли достошот» эл аралык сынагында 1-орунду алып, Казакстан менен Түркия мамлекеттеринде өткөн фестивалдарга катышкан.
2023-жылы аталган сынакта дагы 1-орунга ээ болуп, Өзбекстан жана Румыния мамлекеттерине жолдомо алышкан.
2024-жылы апрель айында түзүлгөн «Аталар мурасы» аксакалдар тобу менен биргеликте эл аралык сынакта 2-орунду камсыз кылып, Венгрияга жолдомо уткан.
Муктарбек Сатарович Кырбашев райондук, областтык жана республикалык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын Ардак грамоталары жана Алкыш барактары менен сыйланган.
Талыкпаган уюштуруучу, чыгармачыл инсан, таланттуу обончу жана жаратман жетекчи катары анын жаркын элеси кесиптештеринин, шакирттеринин жана жалпы маданият кызматкерлеринин эсинде түбөлүккө сакталат.
