Дүйнөлүк “Рух Санат” фестивалынын жеңүүчүлөрү анкталды
4 август

Дүйнөлүк “Рух Санат” фестивалынын жеңүүчүлөрү анкталды

1-2-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунун сахнасында өткөн конкурс дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн келген 82 катышуучуну – жеке аткаруучуларды жана чыгармачыл топторду чогултту. Кыргызстандын атынан алты өкүл – үч жеке ырчы жана үч чыгармачыл топ – ата мекендик музыкалык мурасты татыктуу тааныштырышты.

Конкурстун жыйынтыгында “Акак” комузчулар ансамбли баш байгени (500 000 сом) жеңип алды. Эл аралык калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:

  • Жеке аткаруучу (1-орун): Донгак Найдан (Россия), Салтанат Кайрат кызы (Казакстан);
  • Топ (1-орун): “Хараача” (Россия), “Тенгри Саз” (Казакстан);
  • Жеке аткаруучу (2-орун): Муминова Гузал (Өзбекстан), Мелисбекова Чолпон (Кыргызстан);
  • Топ (2-орун): “Кербез” ансамбли (Кыргызстан), “Dibbo Gyaani” (Бангладеш);
  • Жеке аткаруучу (3-орун): Султанбеков Кутманаалы, Акматбек Султан (экөө тең – Кыргызстан), Холхуджаев Шухрат (Өзбекстан);
  • Топ (3-орун): Индия, Корея жана Япониядан келген үч чыгармачыл топко ыйгарылды.

Мындан сырткары, салттуу музыкалык мураска өзгөчө мамиле жасап келаткандыгы үчүн Венгрия, Польша жана Казакстандан келген айрым топтор атайын дипломдор менен сыйланышты. Ар бир катышуучу фестивалга катышкандыгы тууралуу диплом алды.

Конкурстун жалпы байге фонду – 3 миллион сом. Баалоо критерийлерине музыкалык чыгармалардын аутенттүүлүгү, аткаруу чеберчилиги, салтка берилгендик жана сахна маданияты кирди.

Фестивалдын финалдык концерти жана жабылыш аземи 3-августта “Рух Ордодо” өтүп, ага эл аралык меймандар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, өнөр сүйүүчүлөр катышты. Салтанат түз эфирде көрсөтүлдү.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдиргендей, “Рух Санат” фестивалы мындан ары ар эки жылда бир өтүп турат. Кийинкиси Жалал-Абадда 2027-жылы өтсө этникалык бийге арналмакчы.