Азербайжандын маданият министри “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барды
Азербайжандын маданият министри Адиль Габиль оглу Каримли расмий иш сапарынын алкагында “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Сапардын жүрүшүндө министр Адиль Кримли 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда (Үркүндө) каза болгондордун эстелигине гүлчамбар коюп, кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этип, бейитине гүл койду.
Иш-чарада Азербайжан Республикасынын Маданият министрин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков коштоп жүрдү.
Меймандар мемориалдык комплекстин музейи менен таанышып, экспозициялар боюнча маалымат алды.
