Парижден сүйүү менен — Бишкекте жаш киночулардын XIII "Үмүт" форуму өтөт
2026-жылдын 4–7-март күндөрү Бишкек шаарында жаш киночулардын XIII "Үмүт" эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара дебюттук долбоорлорду колдоого, жаш авторлордун кесиптик өсүшүнө көмөк көрсөтүүгө жана кино тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
Форум "Үмүт Арт Синема" коомдук фонду тарабынан Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин жана КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен уюштурулууда.
Быйылкы форумдун урааны – "Парижден сүйүү менен".
Иш-чара Кыргыз Республикасынын эл артисти, киноактер жана сүрөтчү Догдурбек Кыдыралиевге, ошондой эле кыргыз киносунун ардагери, кино таануучу, сынчы жана педагог Сейит Боконбаевге арналат.
Форум эки негизги багыттан турат: негизги жана индустриялык программа. Негизги программада эл аралык жана улуттук сынактар, атайын көрсөтүүлөр жана фильм жаратуучулары менен талкуулар өткөрүлөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Россия, Армения жана башка өлкөлөрдүн тасмалары катышат.
Индустриялык Umut Industry платформасы мастер-класстарды, лекцияларды, презентацияларды жана кесиптик жолугушууларды камтыйт. Анын борбордук окуясы — кыска метраждуу көркөм фильмдердин долбоорлорунун питчинги. Билим берүү программасы дал ушул питчингдин айланасында түзүлүп, катышуучуларга практикалык тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Форум жаш муундун чыгармачылыгын колдоого, кесиптик диалогду өнүктүрүүгө жана аймактагы кино индустриясынын байланыштарын бекемдөөгө багытталган.
