«Кыргызтасмасы» 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдү аныктады
5 февраль

«Кыргызтасмасы» 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдү аныктады

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу «Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборбору 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча улуттук кино тармагындагы бир катар номинациялардын жеңүүчүлөрүн аныктады.

Чечим «Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборборунун расмий корутундусунун негизинде кабыл алынды. Номинациялар дебюттук тасмалардан тартып, кассалык ийгиликке жеткен жана эл аралык деңгээлде иш алып барган субъекттерди камтыйт.

2025-жылдын жеңүүчүлөрү:

• Жылдын мыкты дебюту – «Акыркы дем», «Апанды бийге чакыр»
• Мыкты кинотеатр – «Синематика» ЖЧК
• Мыкты чет элдик дистрибьютор – «Интерфильм дистрибьюшн» ЖЧК, «Аскар Синема» ЖЧК
• Мыкты айым продюсерлер – Эрке Джумакматова, Алтынай Койчуманова, Суйун Сулайманова
• Көп тасма жараткан студия – «Бард Компани» ЖЧК, «ССПРО Продакшн» ЖЧК
• Кассалык ийгиликке жеткен тасмалар – «Кудай сактасын», «Напарник 3», «Битир»

«Кыргызтасмасы» 2025-жыл улуттук кино тармагы үчүн жемиштүү жана активдүү жыл болгонун белгилейт. Бул мезгилде тасмалардын саны өсүп, прокат географиясы кеңейип, эл аралык кызматташтык бекемделгендиги айтылды.