Ошто "Суу" аттуу көргөзмө ачылат
2 март

Ошто "Суу" аттуу көргөзмө ачылат

Ушул жылдын 5-мартында саат 16:00дө Ош облустук көркөм сүрөт музейинде «СУУ» аттуу көргөзмө өз ишин баштайт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чара 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулуп, «Укуктар. Адилеттүүлүк. Аракет. Бардык аялдар жана кыздар үчүн» глобалдык демилгесинин алкагында өтөт.

Көргөзмө аял сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгын колдоого жана гендердик теңчиликти илгерилетүүгө багытталган. Экспозицияда суу жашоонун, жаңылануунун жана ички күчтүн символу катары чагылдырылып, аялдардын коомдогу ролу менен айкалыштырылат.

Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылууда. Кураторлор: Кимия Торогелдиева жана Мырзагүл Кыпчакова.