Астанадагы кыргыз спектаклдери маданий диалогдун жана эс тутумдун символу болуп калды
22 апрель

Астанадагы кыргыз спектаклдери маданий диалогдун жана эс тутумдун символу болуп калды

Астана шаарындагы «Жастар» театрынын сахнасында 19-апрелде К.Жантөшев атындагы Каракол драма театрынын гастролдук спектаклдери болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Көрүүчүлөргө эки спектакль тартууланды: алар «Ак-Кеме», кыргыз адабиятынын классиги Чыңгыз Айтматовдун ошол эле аталыштагы белгилүү повестине негизделген, жана ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевдин  пьесасынын негизинде коюлган «Күн кармаган бала».

Спектаклдер ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун темасын козгоп, көрүүчүлөргө ата-бабалардын эрдигин, кайраттуулугун жана берилгендигин эскертти – өзгөчө алдыдагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун алдында маанилүү болду.

Кыргыз Республикасынын Элчилигинин чакыруусу боюнча спектаклдерге ардактуу коноктор, анын ичинде Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, элчилер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Казакстандын Жазуучулар биримдигинин мүчөлөрү, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү. Андан сырткары, аларга белгилүү коомдук ишмерлер, инфльенсерлер жана меценаттар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Элчиси Дастан Дюшекеев «Жастар» театрынын көркөм жетекчиси Нурканат Жакыпбаевге театралдык искусствону өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкты тапшырды.