Кыргызстанда "Эл акыны" наамы жоюлушу мүмкүн
Депутат Гүлнара Акимбаева мыйзам долбоорунда беш ардактуу наам сакталганын, анын айрымдары маданият жана чыгармачылыкка таандык экенин белгиледи.
“Эл артисти”, “Эл сүрөтчүсү”, “Эл жазуучусу” наамдары сакталыптыр, бирок ошол эле убакта “Кыргыз Респубоикасынын эл акыны” наамын жоюу сунушталып жатат. Бул наамды “Эл жазуучусу” наамы менен бириктирүү каралыптыр”, – деди депутат.
Ал жазуучу менен акындын эмгегин жана бири бирине окшошпогон эки түшүнүктү бир сыйлыкка бириктирүү кандай максатта жүргүзүлүп жатканына кызыкты.
Казаков билдиргендей, “жазуучу” деген кеңири түшүнүктү камтыгандыктан акын менен жазуучу бириктирилүүдө. Ошондой эле, эгерде сунуштар болсо, мыйзам долбоорунун демилгечилери акындар үчүн өзүнчө наамды калтырууну караштыраарын кошумчалады.
Депутат мыйзам долбоорундагы “жарандарды мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдар менен сыйлоо юбилейлерге карата жана майрам күндөргө же кесиптик майрамдарга байланыштуу жүргүзүлбөйт” деген нормага көңүл бурду.
“Мындай формулировка тыюу салуу катары каралып калат. Кыргызстанда мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар негизинен жылдын аягында жана мамлекеттик майрамдардын, мисалы, Эгемендүүлүк күнүнүн алдында берилет эмеспи”, – деди ал.
Акимбаева реалдуу практика менен мыйзамдын кагылышын болтурбоо үчүн норманы тактап коюуну демилгечилерге сунуштады.
