Бишкекте Рыспай Абдыкадыровдун 85 жылдык мааракесине арналган эскерүү кечеси өттү
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 12-январда залкар обончу, композитор, аткаруучу, кыргыз музыка өнөрүнүн өчпөс классиги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун 85 жылдык мааракесине арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Салтанаттуу иш-чарага мамлекеттик жана маданий ишмерлер, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, музыка изилдөөчүлөрү, өнөрпоздор жана залкар обончунун күйөрмандары катышты.
Куттуктоо сөзү менен Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков чыгып, Рыспай Абдыкадыровдун улуттук музыка маданиятына кошкон өзгөчө салымын белгилешти.
Кечеде композитордун кайталангыс чыгармачылык жолу, табият берген мукам таланты, кыргыз музыка искусствосундагы өзгөчө орду кеңири эскерилди. Рыспай Абдыкадыров формасы татаал, колорити бай, бири-бирине окшобогон обондорду жаратып, эл жүрөгүнөн терең орун алган чыгармаларды калтырган. Анын обондору улуттук музыкалык ой жүгүртүүнүн бийик үлгүсү катары бааланып келет.
Эскерүү кечесинин жүрүшүндө Рыспай Абдыкадыровдун белгилүү жана сейрек аткарылган чыгармалары жаңырып, көрүүчүлөр залкар обончунун руханий дүйнөсүнө дагы бир ирет сүңгүп кирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Бул эскерүү кечеси Рыспай Абдыкадыровдун “экинчи өмүрү” — анын чыгармалары аркылуу уланып жатканын, залкар композитордун мурасы кыргыз музыкасы менен бирге түбөлүк жашай берерин дагы бир жолу тастыктады.
