Министр Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин абалы менен таанышты
4 август

Министр Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине иш сапары менен барып, мекеменин учурдагы абалы жана ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.

Министр музейдин негизги экспозиция залдарын, сактоочу фонддорун жана убактылуу көргөзмө аянтчаларын кыдырып, музейдин материалдык-техникалык абалына өзгөчө көңүл бурду.

Мирбек Мамбеталиев айрым көркөм чыгармалардын туура шартта сакталбашы боюнча тынчсыздануусун билдирип, тиешелүү жетекчиликке бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Ал ошондой эле, музейдин жалпы инфраструктурасын жаңыртуу, климаттык көзөмөл системасын киргизүү жана эл аралык стандарттарга жооп берген сактоочу жайларды түзүү зарылдыгын белгиледи.

«Гапар Айтиев атындагы улуттук музей – бул биздин маданий мурастын күзөтчүсү. Анын ар бир залы тарыхты, улуттук рухту жана искусствону алып жүрөт. Биз бул мекемени колдоого жана өнүктүрүүгө милдеттүүбүз», – деди министр.