Оштогу Лениндин эстелигинин ордуна эмне орнотулары белгилүү болду 
7 июнь

Оштогу Лениндин эстелигинин ордуна эмне орнотулары белгилүү болду 

Ош шаарындагы Лениндин эстелиги башка жерге жылдырылат, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, анын ордуна Бишкектегидей желек сап орнотулат. Анын бийиктиги 95 метр болот.

"Мисалы Россиянын деле шаарларында, ошол эле Санкт-Петербург, Белгороддо Лениндин эстеликтери демонтаждалган же башка жерлерге которулган. Бул шаарлардын жалпы архитектуралык, эстетикалык келбетин жакшыртуудагы кадыресе көрүнүш. Андыктан бул маселени саясатташтырыштын кереги жок", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 7-июнунда Ош шаарынын башкы аянтындагы Лениндин эстелиги алынды. Эстелик 1985-жылы орнотулган.