Бишкекте КР Конституция күнүнө карата ачык асман алдында концерт уюштурулат
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата Бишкек шаарында ачык асман алдында концерт өтөт.
Иш-чара 5-майда саат 18:30да борбордук Ала-Тоо аянтында, оргумалардын (фонтан) жанында өткөрүлөт.
Кечеде классикалык музыка жаңырып, көрүүчүлөргө Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестри өз өнөрүн тартуулайт.
Бишкек шаарынын мэриясы Сиздерди ачык асман алдындагы концертке чакырат.
