Кыргызстан БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында Эл аралык кайрымдуулук базарында улуттук павильонду сунуштады
7 июнь

Кыргызстан БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында Эл аралык кайрымдуулук базарында улуттук павильонду сунуштады

2025-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында Эл аралык кайрымдуулук базарында (United Nations International Bazaar) Кыргызстандын павильонун тартуулады.

Улуттук көргөзмө жана кулинардык стенддерде 55тен ашык чет элдик өкүлчүлүктөр жана уюмдар жана агенттиктер көрсөтүлдү. Жалпысынан кайрымдуулук акциясына 500дөн ашык коноктор катышты.

Кыргызстандын Туруктуу өкүлчүлүгү кыргыз элинин тарыхый жана руханий мурасын чагылдырган ар түрдүү кол өнөрчүлүк, булгаары жана кийиз буюмдарын жана сувенирлерди конокторго көрсөттү.

Кыргыз улуттук тамагы: бешбармак, манты, борсоок жана тандыр нан, ошондой эле көчмөндөрдүн суусундуктары: чалап жана жарма; балдын түрлөрү: ак, тоолуу, чөп, ошондой эле грек жаңгагы, бадам, мисте, кешью сыяктуу табигый кошулмалары менен чоң кызыгуу жаратты.

Сатуудан түшкөн бардык каражаттар балдарга, аялдарга жана дарыгерлерге жардам көрсөтүү үчүн Кызыл Жарым Ай, Чек арасыз дарыгерлер жана башка уюмдар аркылуу кайрымдуулукка багытталат.

БУУнун алкагындагы мындай иш-чараларга катышуу чет элдик өнөктөштөрдү Кыргызстандын чексиз потенциалы жана уникалдуу жаратылышы менен тааныштырып, республиканын эл аралык аренада таанылышына өбөлгө түзөт.