Бишкекте Кытайдын Жаз майрамына арналган салтанат өттү
Бишкекте Кытайдын Жаз майрамына (Чуньцзе) арналган салтанаттуу концерт ийгиликтүү өттү. Ал Кытай элчилигинин жана Бишкектеги Кытай маданий борборунун демилгеси менен уюштурулган.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин, шаар тургундары жана коноктор катышты.
Концерт Кытайдын тарыхы, маданияты жана коомдук өнүгүүсүнө гана эмес, дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнө да чоң таасир тийгизген Жаз майрамына арналды. Бул масштабдуу маданий долбоор Борбордук Азия аймагында биринчи жолу өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун нематериалдык маданий мурастарынын Репрезентативдик тизмесине киргизилген эки негизги «Жаз майрамы» бар. Алар – эл аралык Нооруз майрамы жана Кытайдын жаңы жылы – Чуньцзе майрамы.
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы коңшу, ишенимдүү дос жана ишенимдүү өнөктөш өлкөлөр болуп саналат. Эки мамлекеттин жогорку жетекчилеринин ортосундагы достук мамилелер жана жогорку деңгээлдеги ишеним көп тармактуу кызматташуунун өнүгүшүнө олуттуу түрткү берип келет.
