Ош шаарынын башкы аянтындагы Лениндин эстелиги алынды
7 июнь

Ош шаарынын башкы аянтындагы Лениндин эстелиги алынды

Ош шаарынын башкы аянтында 1917-жылдагы Октябрь революциясынын жетекчиси жана Советтер Союзунун түзүүчүсү Владимир Лениндин эстелиги алынды. Маалыматты Ош мэриясынын басма сөз кызматы тастыктады. 7-июнь күнү эртең менен мэриянын кызматтары эстеликти ордунан көчүрүп кетти.

Лениндин эстелиги кайда жайгаштырылары тууралуу азырынча маалымат жок.