Ныязаалы Борош уулунун 170 жылдыгына арналган республикалык кароо-сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды
2026-жылдын 21-ноябрында К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында залкар комузчу Ныязаалы Борош уулунун 170 жылдык мааракесине арналган комузчулар арасындагы республикалык кароо-сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жана гала-концерт болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшаркан Култаева, Бурул Аманова жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышты.
Гала-концерттин программасында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Саадабай Шабданов, Кыргыз Республикасынын эл артисти Намазбек Уралиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев жана кароо-сынактын жеңүүчүлөрү өнөрлөрүн тартуулашты. Залкар комузчунун чыгармалары оркестрдин коштоосунда жаңырып, оркестрге Калыс Бектурганов дирижёрлук кылды.
Эки турдун жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен төмөнкү катышуучулар жеңүүчү деп табылды:
Баш байге – 200 000 сом:
Муратбек уулу Нурдан.
I орун – 100 000 сом:
Жалил уулу Курманбек.
II орун – 70 000 сом:
Абдуразаков Жанарбек;
Өмүрзаков Бегмат.
III орун – 40 000 сом:
Турдубекова Бегимай;
Нарматова Айназик;
Наматбеков Боогачы.
Жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Мындан тышкары, улуттук маданиятты жана комузчулук өнөрдү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар инсандар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы жана Ардак грамоталары, ошондой эле «Аксы» коомдук фондунун Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Республикалык кароо-сынактын жана гала-концерттин негизги максаты – залкар комузчу Ныязаалы Борош уулунун чыгармачылык мурасын даңазалоо, комузчулук өнөрдүн салттарын улантуу, таланттуу аткаруучуларды колдоо жана улуттук музыкалык мурасты кийинки муундарга жеткирүү.
