Улуу Жеңишке 81 жыл. Баткенде ооруктун ардагерлерине урмат көрсөтүлдү
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
9 май

Улуу Жеңишке 81 жыл. Баткенде ооруктун ардагерлерине урмат көрсөтүлдү

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Улуу Жеңиш майрамын утурлай облус аймагындагы ооруктун ардагерлерин куттуктап, алардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, облус башчысы Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында жашаган 99 жаштагы Айбаш Тагайбеков атадан, 97 жаштагы Намаз Султанов атадан жана 98 жаштагы Толгонай Тилекова ападан кабар алып, Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырды.

Ардагерлердин бардыгы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында тылда үзүрлүү эмгектенип, жеңишке өз салымдарын кошушкан. Согуштан кийинки калыбына келтирүү иштерине да активдүү катышып, ар түрдүү тармактарда ак ниет эмгек өтөп, ардактуу эс алууга чыгышкан.

Мамыржан Рахимов ардагерлер менен баарлашуу учурунда алардын Улуу Жеңишке кошкон салымы өчпөс тарых экенин белгилеп, мамлекет тарабынан улуу муундун эмгеги ар дайым жогору бааланарын айтты.

Улуу Жеңиш күнүнө карата облус аймагындагы бардык эмгек ардагерлерине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн куттуктоосу жана белектери жеткирилүүдө.

Белгилей кетсек, бул иш-чараларга ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, орун басары Абдирашит Ташбалтаев, аппарат жетекчиси Алтынбек Сейитказыев, ошондой эле район акимдери, шаар мэрлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, ардагерлерди майрамы менен куттуктап жатышат.

Белгилей кетсек, учурда облуста 40 ооруктун ардагери бар.