Алматыда сүйүүнү даңазалаган “Жамийла” мюзикли көрсөтүлдү
Кыргыз Республикасынын президентинин “Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” жарлыгынын алкагында, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы 26-ноябрда Казакстандын Алматы шаарындагы Республика сарайында улуу жазуучунун чыгармасынын негизинде даярдалган “Жамийла” мюзиклин алдыга чыгарды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Алгач Алматы шаарындагы Элдер Достугу үйүндө казак маданиятына эмгек сиңирген ишмерлерге Эл аралык Айтматов сыйлыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамоталары тапшырылды.
Тарыхый маанидеги маданий иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов жана Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Карин катышып, эки өлкөнүн руханий жана маданий мамилелеринин бекемделиши боюнча өз ойлорун билдиришти.
Ч. Айтматовдун "Жамийла" чыгармасынын негизиндеги мюзикл көркөм табылгалары, сахналык чечими жана жогорку деңгээлдеги аткаруусу менен көрүүчүлөргө терең таасир калтырды.
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы улуу жазуучунун чыгармаларын дүйнөлүк маданий мейкиндикке таанытуу багытындагы ишмердигин улантууда.
