"Таш-Рабат" архитектуралык эстелигиндеги реставрациялык иштер тууралуу расмий маалымат
9 декабрь

"Таш-Рабат" архитектуралык эстелигиндеги реставрациялык иштер тууралуу расмий маалымат

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда "Таш-Рабат" кербен сарайында жүрүп жаткан иштер боюнча туура эмес маалыматтар жайылууда. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги төмөнкүлөрдү расмий түрдө маалымдайт.

"Таш-Рабат" архитектуралык эстелиги табигый жана антропогендик таасирлерден улам бузулуу коркунучунда тургандыктан, 2025-жылы реставрациялоо боюнча тендер өткөрүлүп, анын жеңүүчүсү “Юг-Стройсервис” ААКсы болуп аныкталган. Иш-чаралар “Көөнө тарых сырлары” мамлекеттик программасынын алкагында аткарылууда.

Реставрация “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана эл аралык илимий талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө.

“Кыргызреставрация” илимий-изилдөө институту тарабынан атайын илимий долбоор даярдалып, жергиликтүү жана чет өлкөлүк адистердин катышуусунда бир нече илимий кеңешмелер жана жеринен изилдөөлөр өткөрүлгөн.

Тосмо жана чатыр – реставрацияны коргоо үчүн орнотулган убактылуу чаралар деп баса белгилейбиз. Анткени, реставрация иштеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн:

  • эстеликти мал-жандыктардан коргоо максатында айлана тосмолор менен курчалды;
  • жаан-чачындын тийгизген зыянын азайтуу жана адистерге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн убактылуу чатыр орнотулду.

Бул конструкциялар – убактылуу, реставрация аяктаганда алып салынат.

Иштер толугу менен илимий негизде жүргүзүлүүдө

Ар бир кадам адистердин корутундуларына, лабораториялык изилдөөлөргө жана тарыхый материалдарга таянат. Иштердин максаты – Таш-Рабаттын түпкү тарыхый келбетин сактап калуу, аны өзгөртүү же талкалоо эмес.

Министрликтин коомчулукка кайрылуусу:

Маалыматты таратууда тактыкты сактоону өтүнөбүз. Эгерде жарандарда же адистерде илимий негиздүү сунуштар болсо, Министрлик аларды угууга жана талкуулоого ар дайым даяр.

Эске сала кетебиз: Таш-Рабаттагы акыркы чоң реставрация XX кылымдын 70–80-жылдарында жүргүзүлгөн. Учурдагы иштер – анын тарыхый маанисин жана келечек муундар үчүн баалуулугун сактап калууга багытталган.