Министр Мамбеталиев “Даанышман Аксакалдар Ордосу” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту
2026-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Даанышман Аксакалдар Ордосу” коомдук бирикмесинин төрагасы Табылды Досумкан уулун жана анын кеңешчиси Муса Магамедовду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” концептуалдык багытынын алкагында, ошондой эле “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жана “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыктарынын аткарылышына байланышкан маселелерди талкуулашты. Айрыкча жаштарды тарбиялоодо улуттук баалуулуктарды бекемдөө, руханий өнүгүүнү колдоо жана коомдук тарбия иштерин күчөтүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.
Мындан тышкары министр бирикменин мүчөсү, Ош облусунун тургуну Камалдин Алымкулов аксакал менен телефон аркылуу байланышып, анын жаштардын дене тарбиясын өнүктүрүүгө багытталган экологиялык таза гантелдерди даярдоо долбооруна ар тараптуу колдоо көрсөтүү маселеси караларын билдирди.
Өз кезегинде аксакалдар министрликке ыраазычылыктарын билдиришип, мындан ары да биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө жана жаштар арасында тарбиялык иштерди күчөтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.
Эскерте кетсек, “Даанышман Аксакалдар Ордосу” коомдук бирикмесине Кыргыз Республикасынын жети облусунан аксакалдар мүчө. Алар жер-жерлерде өз демилгелери жана каражаттарынын эсебинен “Аксакалдар ордолорун” түзүп, жаштарга тарбиялык насаат айтып, улуттук каада-салттарды жайылтуу багытында активдүү иш жүргүзүп келишет.
