2026-жылдагы «Алтын глобус» сыйлыгын кимдер алышы мүмкүн?
АКШда «Алтын глобус» сыйлыгынын талапкерлеринин тизмеси жарыяланды. Сыйлык тапшыруу аземи 11-январда өтөт, деп маалымдайт Deadline.
Эң жакшы фильм (драма)» номинациясында «Франкенштейн», «Гамнет», «Кокустук учур», «Жашыруун агент», «Сентименталдык баалуулук» жана «Күнөөкөрлөр» аттуу тасмалар көрсөтүлгөн. Мюзиклдер жана комедиялар үчүн ушул эле категорияда – «Көк ай», «Бугония», «Керемет Марти», «Жокко чыгарып табуу ыкмасы», «Салгылаштан салгылашка» жана «Жаңы толкун» аттуу фильмдер аталып өттү.
«Эң жакшы режиссер» наамы үчүн Пол Томас Андерсон, Райан Куглер, Гильермо дель Торо, Джафар Панахи, Йоаким Триер жана Хлоя Чжао ат салышат. Номинациялардын саны боюнча лидер болгон тасмалар – «Салгылаштан салгылашка» (9 номинация), «Сентименталдык баалуулук» (8), жана «Күнөөкөрлөр» (7).
«Эң жакшы драмалык сериал» номинациясына «Дипломат», «Питт», «Көптүн бири», «Чегинүү төлөмү», «Жай жүргөн аттар» жана алты категорияда көрсөтүлгөн «Ак лотос» сериалдары кирди. Комедиялык сериалдардын арасында – «Эбботт башталгыч мектеби», «Аюу», «Хаки», «Буга эч ким макул эмес», «Бир имараттагы киши өлтүрүүлөр» жана «Студия» бар.
Жалпысынан 2026-жылдагы сыйлыкта 28 номинациянын жеңүүчүлөрү аныкталат. Толугу менен талапкерлердин тизмеси «Алтын глобус» расмий сайтында жеткиликтүү.
Добуш берүү үчүн акыркы бюллетендер 19-декабрда жөнөтүлөт, аларды 3-январга чейин кайтарып берүү керек. Сыйлык тапшыруу аземин быйыл да Никки Глейзер алып барат. Ал эми 8-январда «Алтын кеч» өтүп, анда өмүр бою эмгеги бааланган сыйлыктар Хелен Мирренге жана Сара Джессика Паркерге тапшырылат.
