
Бишкек шаардык драмалык театрында «Drama. Lab» заманбап драматургия фестивалы өтөт
2024-жылдын 29-ноябрынан 1-декабрына чейин А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драмалык театрында театр өнөрүнүн күйөрмандары үчүн өзгөчө окуя — «Drama. Lab» драматургия фестивалы өтөт.
Иш-чаранын алкагында Борбор Азиянын Драматургиялык Лабораториясынын негизинде жаралган сегиз жаңы пьеса көрсөтүлөт. Бул лаборатория Ташкент шаарындагы «Ильхом» театрында өткөрүлгөн.
Бул пьесалар акыркы жылдын ичинде аймактын ар кайсы бурчтарынан келген таланттуу драматургдар жазган 25 эмгектин ичинен тандалып алынган. Фестиваль заманбап драматургия менен таанышууга жана бүгүн бизге жаңы пьесалар эмне үчүн керек, заманбап авторлор эмнени айткысы келет деген суроолорго жооп табууга мүмкүнчүлүк берет.
Фестивалдын ар бир күнү көрүүчүлөр үчүн чоң ачылыш болот:
•профессионалдуу актёрлордун аткаруусунда бир нече пьесанын окуулары;
•ар бир көрсөтүүдөн кийин талкуу жүргүзүлөт, анда сиз өз ой-пикириңизди бөлүшүп, башка көрүүчүлөрдүн көз карашын уга аласыз;
•акыркы күнү пьесалар жана фестиваль боюнча жалпы дискуссия менен жыйынтыкталат.
Күндөрү жана убактысы:
- 29-ноябрь — башталышы саат 17:00дө
- 30-ноябрь — башталышы саат 17:00дө
- 1-декабрь — башталышы саат 17:00дө
Өткөрүлүүчү жай: А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драмалык театры, Чүй проспектиси, 28.