Оштогу Сулайман-Тоо комплексинде Улуу Жеңиш күнүнө карата иш-чаралар өтөт
"Сулайман-Тоо" улуттук - тарыхый археологиялык музей комплекси жана Оштогу Орус үйү шаар тургундарын жана конокторун 2026-жылдын 9-майында өтө турган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышууга чакырат.
Иш-чаралардын программасы саат 09:00дө режиссёр Юрий Озеров тарткан Москва үчүн салгылаш аттуу киноэпопеянын көрсөтүлүшү менен башталып, саат 11:00гө чейин уланат. Андан кийин саат 11:00дөн 12:00гө чейин көрүүчүлөргө Улуу Жеңиш: Баарыбыз үчүн бирөө аттуу даректүү тасма тартууланат.
Саат 12:00дөн 12:30га чейин поэзиялык бөлүк өтүп, Жазуучулар союзунун өкүлдөрү Жеңиш күнүнө арналган чыгармаларды кыргыз жана орус тилдеринде окушат.
Саат 12:30дан 13:00гө чейин STEM колледжинин директорунун орун басары, Кыргыз-Өзбек университетинин тарых сабагынын окутуучусу Сагынбек Маманов «Кыргызстандын Улуу Жеңишке кошкон салымы» аттуу темада баяндама жасайт.
Саат 13:00дөн 15:30га чейин келгендер Жеңиш парадынын Кызыл аянттан түз алып көрсөтүлүшүн көрө алышат.
Мындан тышкары, күн бою — саат 09:00дөн 18:00гө чейин — совет элинин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы каармандыгына арналган тематикалык көргөзмө иш алып барат.
