Көчмөндөр оюну. Уюштуруу иштери кайсы этапка келгени белгилүү болду
Быйыл Көчмөндөр оюну Кыргызстанда өтөт. Буга байланыштуу даярдыктар кызуу жүрүүдө жана апрелден тартып уюштуруу иштеринин финалдык этабы башталат.
Бул тууралуу Көчкөндөр оюндарын өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов “Биринчи радиого” билдирди.
Айтымында, уюштуруу иштери жакын арада жыйынтыктоочу – акыркы этабына өтөт.
“Апрель айында – финалдык этап. Анда буга чейин болгон уюштуруу иш чараларын жыйынтыктап, иш жүзүндө салуу, жасалгалоо, аккредитациялоо иштерине өтөбүз. Күн жылыгандан баштап Кырчын жайлоосунда этно шаарча салынып баштайт. 1-майдан тартып эл аралык катышуучуларды аккредитациядан өткөрөбүз”, – деди ал.
Ал белгилегендей, ыктыярчыларды кабыл алуу процедурасы апрель айынын соңунда жыйынтыкталат. Негизи миң ыктыярчы кабыл алынат. Ал эми учурда 7500 жарандан арыз түштү. Алардын ичинен миң адам ыктыярчы катары тандалып алынат.
Ошондой эле чет өлкөлүк журналисттерге чакыруу жөнөтүлдү. 400 журналисттин келиши күтүлүп жатат.
