Кыргызстан менен Түркия маданий кызматташтыкты чыңдоодо
18 июнь

Кыргызстан менен Түркия маданий кызматташтыкты чыңдоодо

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев бүгүн, 18-июнда Түркиянын лчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

Жолугушууда эки өлкөнүн маданий байланыштарын күчөтүү, кызматташтыкты өнүктүрүү жана маданиятты жайылтуу боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланыштардын тарыхы жана мааниси жөнүндө айтып берди. Ал кыргыз-түрк маданий алмашуусунун, билим берүү жана искусство тармагындагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

“Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы маданий байланышты бекемдөө – бул биздин элдерди жакындатат. Түркиянын бай маданияты жана биздин уникалдуу мурастарбыз, биргелешип иш алып барганда, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, – деди Мамбеталиев.

Элчи Мекин Мустафа Кемал Өкем өз кезегинде, Түркия Кыргызстандын маданиятына жана искусствосуна чоң кызыгуу менен мамиле кылып жатканын белгиледи. Ал эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты арттырууга даяр экенин айтты.

“Биздин максат – маданий алмашууларды көбөйтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана эки өлкөнүн элдери арасында достук мамилелерди бекемдөө”, – деди элчи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечектеги кызматташтык боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулап, маданиятты өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу ниетин билдирди.