Тунгуч жаштар театрында ильям Шекспирдин «Ромео жана Жульетта» спектакли тартууланды
Бишкек шаарында Ж. Сейдакматова атындагы Тунгуч жаштар театрында улуу драматург Уильям Шекспирдин «Ромео жана Жульетта» спектакли тартууланды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маданий иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышты.
Спектакль көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, жаш актерлордун чыгармачылык изденүүсү жана театр жамаатынын эмгеги жогору бааланды.
Иш-чаранын алкагында театрдын директору Асель Шалтаева, спектаклдин режиссёру, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров, ошондой эле Ромеонун образын ийгиликтүү жараткан актер Өмүрбек Израилов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы менен сыйланышты.
Мындан тышкары, спектаклдин ийгиликтүү коюлушуна жана сахналык образдарды жаратууга кошкон салымы үчүн театрдын бир катар чыгармачыл кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ыраазычылык каты менен сыйланышты.
