Мамбеталиев менен Өмүралиев түрк мамлекеттеринин ортосунда маданий кызматташтыкты талкуулашты
28 февраль

Мамбеталиев менен Өмүралиев түрк мамлекеттеринин ортосунда маданий кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту.

Ведомстводон кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 27-февралда өттү.

Жолугушууда түрк мамлекеттеринин ортосунда маданият жана искусство тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Тараптар биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу, көргөзмөлөрдү өткөрүү жана маданият кызматкерлеринин алмашуу программаларын уюштуруу боюнча пикир алышты.

Жыйынтыгында тараптар маданият тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо жана тыгыз байланышты улантуу тууралуу макулдашты.