«Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды
18 июнь

«Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган юстиция министри Аяз Баетов белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты курулуш, жол куруу, жаңы жерлерди өздөштүрүү, карьер иштетүү же плотина куруу сыяктуу иштерди жүргүзүүдө, анын ичинде ландшафттын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү жана суунун каптоосуна себеп болуучу иштерде, инженердик-изилдөө стадиясында жана жерди которуу (трансформациялоо) учурунда археологиялык изилдөө процедурасын дебюрократизациялоо болуп саналат.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова КР КР Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун археологиялык изилдөө процедурасына катышуу маселелерин тактаса, эл өкүлү Дастан Бекешев тарыхый-маданий мурастардын тизмесине объекттерди киргизүү тартибине кызыкты.

Андан тышкары, жыйында «2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну («Кыргыз Республикасында микро-, чакан жана орто ишканалар (МЧОИ) үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү» долбоору) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.